Мазмунга өтүү
ЛЕТАЙ
Жеткирүү

Жеткирүү жана алмаштыруу

Кыска жана майда тамгасыз.

01
Бишкек
Заказ 15:00гө чейин берилсе, ошол күнү курьер жеткирет. 200 с. 5 000 сдан жогорку заказга акысыз. Өзү алып кетүү — макулдашуу боюнча.
02
Кыргызстан
1–3 жумуш күнү. 300 с. Төлөм ырасталган күнү жөнөтөбүз, трек-номерди WhatsApp аркылуу жиберебиз.
03
Дүйнөнүн калган бөлүгү
Өлкөгө жараша 7–21 күн. Наркын заказдан кийин өзүнчө эсептейбиз — төлөмдөн мурда WhatsApp аркылуу жазабыз. Бажы алымы алуучунун эсебинен.
04
Алмаштыруу жана кайтаруу
Буюм кийилбесе жана биркалары ордунда болсо, өлчөмдү алмаштырууга 14 күн. Бишкек боюнча алмаштыруудагы кайра жеткирүү — биздин эсебибизден. Жараксыз болсо — алмаштырабыз же акчаңызды толук, жеткирүү менен кошо кайтарабыз.
05
Төлөм
Азыр — MBank же Optima аркылуу которуу. Заказ бергенден кийин бар-жогун тактап, реквизиттерди жиберебиз. Карта менен онлайн төлөм кийинчерээк кошулат.

Өлчөм таблицасы

ӨлчөмКөкүрөк, смБел, смЖамбаш, см
S84–8864–6890–94
M88–9368–7394–99
L93–9873–7899–104

Ченем буюмдан эмес, денеден алынат. Узун жана кыска комбинезон S жана M өлчөмдөрүндө, кездеме тартылат — эки өлчөмдүн ортосунда болсоңуз, кичирээгин алыңыз. Футболка оверсайз, M жана L: адаттагы өлчөмүңүздү алыңыз. Корсеттүү көйнөк — бир өлчөм. Ишенбесеңиз — жазыңыз, ченемиңиз боюнча айтып беребиз.

Жеткирүү жана алмаштыруу — ЛЕТАЙ